Bloomberg: Путин Европанын талуу жерине тийди

Басылма жазгандай, Россияга каршы экономикалык согуш ЕБди экиге бөлүп салды.
Sputnik
БИШКЕК, 6-июн. — Sputnik. Россиянын президенти Владимир Путин Европанын талуу жерине тийди. Тагыраагы, баалардын өсүшү инфляцияны жогорулатып, Батыштын экономикасын алсыратты. Бул тууралуу Bloomberg жазды.
"Европа биримдиги Россияга каршы катаал чектөөлөрдү киргизгени менен компромисске келген учурлар көбөйүп жатат. Мисалга мунайды түтүк аркылуу жеткирүүдөн баштап, патриарх Кириллдин санкциялык тизмеден чыгарылышын айтсак болот", — деп жазылган макалада.
Басылма белгилегендей, Россияга каршы экономикалык согуш ЕБди экиге бөлүп салды. Себеби мамлекеттер "санкциялардан чарчап бүттү".
Bloomberg Economics божомолу боюнча, Россиянын мунай менен газдан түшкөн быйылкы кирешеси 258 миллиард долларды түздү.
"Буга башка товарларды кошкула, каражат санкциянын алкагында тоңдурулган россиялык валюта резервин 300 миллиард дооларга компенсациялап жатат", — деген макаланын автору.
Түштүк кореялык фирмалар Россиядан кетип жаткан бизнестерди сатып алууга кызыгууда