Курман айттын кайсы күнгө туш келерин болжолдуу айтышты. Муфтияттын билдирүүсү

Sputnik
БИШКЕК, 6-июн. — Sputnik. Быйыл Курман айт 9 же 10-июлда болушу мүмкүн. Бул туурасында муфтияттан кабарлашты.
"Айдын чыгышына карата анын кайсы күнгө туура келери кечирээк так аныкталат", — деп айтылган маалыматта.
Курман айт адатта Орозо айттан 70 күн өткөндөн кийин белгиленет.
Курман айт жекшемби же ишембиге туура келгендиктен 11-июль (дүйшөмбү) эс алуу күн деп эсептелиши мүмкүн.
2022-жылдагы майрам жана эс алуу күндөр. Календарь