Лавров: Москва менен Анкара Украинадагы данды чыгарып кетүүнүн жолун табат

БУУ буудай данынын жетишсиздигинен улам азык-түлүк коопсуздугу жараларын эскертип келет.
Sputnik
БИШКЕК, 6-июн. — Sputnik. Эгер Анкара украиналык буудай данын чыгаруу үчүн порттордогу сууну минадан тазалоого жардам берүүгө даяр болсо, анда РФ менен Түркиянын аскерлери бир кепке келе алат. Бул тууралуу РФ тышкы иштер министри Сергей Лавров билдирди.
"Биздин түркиялык кесиптештер минасыздандырууга жардам беребиз деп айтышкан. Аскерлерибиз муну кандайча ишке ашырууну макулдашып алат деп ойлойм. Себеби мина коюлган талааларды зыянсыздандыргандан кийин кемелер ачык деңизге чыга алат. Андан ары биз өз алдыбызча же түркиялык кесиптештер менен биргеликте кысыкка же андан ары Жер ортолук деңизге чейин жеткирип беребиз деп кепилдик бере алам", — деди министр маалымат жыйыны учурунда.
БУУ буудай данынын жетишсиздигинен улам азык-түлүк коопсуздугу жараларын эскертип келет. Батыш Украинадагы буудайдын дүйнөлүк рынокко чыгышына Россия бут тосуп жатат деп айыптоодо. Ал эми Москва мындай маалыматтарды четке кагып келет.
Буга чейин украиналык аскерлер Мариуполь портунун кампасындагы тонналаган дан эгиндерин өрттөп кетишкен. Аны өчүргөн менен баары бир жараксыз болуп калганы кабарланган.
Лавров аргасыздан Батыштын "ырын ырдагандарга" боору оорурун айтты