БИШКЕК, 6-июн. — Sputnik. Панфилов райондук милициясы Суусамыр өрөөнүндө эс алып жүргөн жарандарга, ошондой эле Бишкек — Ош жолунун четинде соода кылган жергиликтүү тургундарга түшүндүрүү иштерин жүргүздү. Бул туурасында Чүй облустук ички иштер башкармалыгынан кабарлашты.
Жайкы туристтик мезгилдин башталышынан улам Чүй облусунун ички иштер органдары аталган дубандын аймагында коомдук тартипти сактоо боюнча профилактикалык иш-чараларды тынымсыз жүргүзүү иштерине киришкен.
Милиция кызматкерлери кыргызстандыктарга, чет элдик жарандарга майрам күндөрү жеке коопсуздугуна жана буюм-тайымдарына сак болууну эскерткен.
"Эс алуу учурундагы коопсуздук эрежелерин эске салып, ар кандай кырсыктарды алдын алып, балдарды көзөмөлдөө зарылдыгын айтышкан. Бишкек — Ош жолунун боюндагы боз үйлөрдүн ээлери жана ар кандай буюмдарды саткан жергиликтүү тургундар менен жеке коопсуздук эрежелерин сактоого, жарандардын өздөрүнүн коопсуздугу үчүн дайыма сак болууга чакырышты. Трассанын кооптуу аймактарын кесип өтүүдө этият болууну дагы бир ирет эске салышты", — деп айтылган маалыматта.
Андан сырткары, милиция кызматкерлери Суусамырды жайлагандарга мал уурулукту алдын алуу максатында да профилактикалык иш-чараларды жүргүзгөн.