БИШКЕК, 6-июн. — Sputnik. Европа биримдигине кирген өлкөлөрдүн Россиянын учагын Сербияга өткөрбөй коюусу акылга сыйгыс нерсе. Мындай пикирин РФтин тышкы иштер министри Сергей Лавров маалымат жыйын учурунда журналисттердин суроосуна жооп берип жатып айтты.
"Албетте, ойго келбеген нерсе болду. Сербия эгемендүү мамлекет, бирок ал тышкы саясат жүргүзүү укугунан ажырады. Сербиянын Россия багытындагы эл аралык ишмердүүлүгүнө бөгөт коюлду", — деди министр.
Ошондой эле ал "Батыш өлкөлөрү россиялык министрдин Сербияга иш сапары масштабдуу коркунуч алып келет деп эсептсе, анда абал абдан начар экен" деп баа берди.
Мындан тышкары, Лавров пландалган жолугушууну өткөрүү үчүн сербиялык кесиптешин Москвага чакырды.
Жекшембиде Болгария, Черногория жана Түндүк Македониянын лидерлери Россиянын тышкы иштер министринин учагын өзүнүн аба мейкиндигинен өткөрүүдөн баш тарткан. Россиялык делегация Белградга сүйлөшүүлөрдү жүргүзүү үчүн барышы керек эле. Кийин Россия ТИМинин расмий өкүлү Мария Захарова Россия батыштык өнөктөштөрүнө эрегишип "темир көшөгө" орнотпой турганын айтты.