Казакстандагы референдум: чет өлкөдөгүлөрдүн 72,95%ы добуш берди

Казакстан президенти жалпы элдик добуш берүү башкаруунун "суперпрезиденттик" формасынан баш тартып, таасирдүү парламенти жана өкмөтү бар президенттик башкарууга жол ачышы керектигин айткан.
Sputnik
БИШКЕК, 6-июн. — Sputnik. Казакстандыктардын чет өлкөдө добуш берүүсү аяктады. Саат 6:00гө карата Вашингтон, Нью-Йорк жана Оттавадагы шайлоо тилкелери жабылганын Sputnik Казакстан өлкө ТИМинин маалымат кызматына таянуу менен жазды.
"Саат 06:00гө карата Вашингтон, Нью-Йорк жана Оттавада шайлоо тилкелери жабылып, Казакстандын Баш мыйзамына өзгөртүү жана толуктоо киргизүү боюнча жалпы элдик референдум аяктады", — деп айтылат маалымата.
ТИМдин маалыматына караганда, чет өлкөдө добуш берүүгө келгендер 72,95 пайызды түзгөн.
Ал эми Казакстандын өзүндө шайлоо участкалары 5-июнь күнү саат 21:00дө жабылган. Жалпы жонунан 8 миллион 30 миң 739 киши бюллетень алган, бул добуш берчүлөрдүн тизмесине кирген казакстандыктардын 68,44 пайызын түздү. Ал эми добуш берүү укугуна 11 миллион 732 миң 699 адам ээ болгон.
Эскерте кетсек, Казакстанда кечээ, 5-июнда, Конституцияга өзгөртүү киргизүү боюнча референдум болгон. Президент Касым Жоомарт Токаев бул өзгөрүүлөр башкаруунун "суперпрезиденттик" формасынан баш тартып, таасирдүү парламенти жана өкмөтү бар президенттик башкарууга жол ачышы керектигин белгилеген.
Казакстандыктар Кыргызстанда референдумга добуш берүүдө. Видео