Медведев: ЕБдин санкциясынын алтынчы пакети дүйнөлүк экономикага өрт коет

Медведевдин айтымында, санкциялар Россияны гана алсыратуу үчүн кабыл алынган жок, анын башка дагы максаты бар.
Sputnik
БИШКЕК, 6-июн. — Sputnik. Россиянын Коопсуздук кеңешинин төрагасынын орун басары Дмитрий Медведев Европанын Россияга каршы кезектеги санкциялары дүйнөлүк экономикага революциялык өзгөрүүлөрдү алып келерин өзүнүн Telegram каналы аркылуу билдирди.
"Европа комиссиясы Россиянын экономикасынын быт-чытын чыгаруу үчүн санкциялардын алтынчы пакетин кабыл алды. Арийне алардын максаты Россия эмес, дүйнөлүк экономикага бүлүк салгылары келип турат. Бирок революция өз балдарын жей турганын кимдир бирөө унутта калтырууда", — деди ал.
Европа биримдиги өткөн жумада Россияга каршы санкциялардын алтынчы пакетин жарыялады. Анда россиялык мунайдан акырындап баш тартуу каралган. Чектөө тек гана деңиз аркылуу жеткирилген нефтиге тиешелүү. Мындан тышкары, Сбербанк, Россельхозбанк жана Москва кредиттик банкын SWIFT системасынан өчүрүп салуу каралган.
Bloomberg: Путин Европанын талуу жерине тийди