Диетолог: спирт ичимдиги адамды бат семиртет

Дарыгер спирт ичимдиги канда глюкозанын деңгээлин да дароо жогорулатып жиберерин белгилеген.
Sputnik
БИШКЕК, 6-июн. — Sputnik. Диетолог Елена Соломатина Sputnik радиосуна маек куруп жатып салмак таштоого тоскоолдук жараткан суусундукту атады.
Анын айтымында, спирт ичимдиктери адамды башка азыктарга караганда бат семиртет.
"Сырада килокалорий помидордун ширесиндегидей эле көп. Бирок эки суусундук организмге эки башкача таасир этет. Спирт ичимдиктеринин негизи болгон этил спирти токсин болуп саналат. Бул затты зыянсыздандыруу маалында организмдеги башка процесстер жайлап калат. Этанол адамдын мээсине терс таасир эткиче, боор аны иштетип, организмден бөлүп чыгарыш керек. Бул учурда башка тамактарды сиңирүү процесси жайлай түшөт", — деген Соломатина.
Дарыгер спирт ичимдиги канда глюкозанын деңгээлин дароо жогорулатып, денедеги майлардын топтолушуна алып келерин белгилеген.
Адис уйкунун жетишсиздиги кайсы илдеттерге кептей турганын айтты