Быйыл Бишкекте 20 билим берүү мекемесин куруу пландалган

Билим берүү жайлары республикалык бюджеттин эсебинен курулат.
Sputnik
БИШКЕК, 6-июн. — Sputnik. Бишкек мэриясы 2022-жылы ордо калаада жалпысынан 20 билим берүү мекемесин салууну пландап жатат. Бул тууралуу мэриянын маалымат кызматы кабарлады.
Ага ылайык, билим берүү жайлары республикалык бюджеттин эсебинен курулат. Курулуштун ичинен 15и мектеп, бешөө бала бакча экени айтылды.
Тизме:
Алтын-Ордо конушунда жаңы мектептин курулушу уланууда. Мектеп 480 орунга ылайыкташкан;
Мурас-Ордо жаңы конушунда 660 орунга ылайыкташылган мектептин курулушу уланып жатат;
Ак-Бата конушундагы №43 орто мектепке кошумча имарат курулуп жатат;
Рухий-Мурас конушунда 700 орундуу мектептин курулушу улантылууда;
Көлмө жаңы конушундагы 380 орундуу мектепти курууга тендер жарыяланды.
Ак-Ордо, Ак-Өргө жаңы конуштарында мектептин курулушу уланып жатат;
№10 жана №76 орто мектептеринде реконструкция иштери жүрүүдө;
№ 20, 40, 35, 73, 6 мектептерде кошумча корпустар салынууда;
№75 мектеп жаңы салынып жатат.
Мамлекеттин мектеп куруу боюнча саясаты өзгөрдү. Негизги багыт