БИШКЕК, 5-июн. — Sputnik. Мындан ары Россиянын маанилүү тармактары Батыштын технологиясынан, инвестициясынан көз каранды болушуна жол бербөө керек. Бул тууралуу өлкөнүн тышкы иштер министри Сергей Лавров "Радио и телевидение Республики Сербской" телерадиокомпаниясына маек куруп жатып айтканын РИА Новости жазды.
Анын айтымында, Россия азыркы кырдаалдан жакшы сабак алууда.
"Бул адамдарга таянып болбойт. Албетте, алар менен таптакыр байланышты токтотуп койбойбуз. Кыйчалыш мезгил да өтөт, эмне дээрин көрөбүз. Бирок мындан ары өлкөнүн маанилүү тармактары Батыш мамлекеттеринин инвестициясынан, технологиясынан көз каранды болушуна жол бербешибиз керек", — деди Лавров.
Эскерте кетсек, Россия Украинаны демилитаризациялоо жана денацификациялоо боюнча атайын операциясын 24-февралда баштаган. Путин анын максаты "сегиз жылдан бери киевдик режим тарабынан геноцидге кабылып, басмырлоого дуушар болгон элди коргоо" экенин айткан болчу.
Ошондон кийин АКШ жана НАТО өлкөлөрү Россияга карата буга чейин болуп көрбөгөндөй катаал санкциялык чектөөлөрдү киргизген. Москва Батыштын мындай аракетин "экономикалык согуш" деп атоодо.