Казакстан: 2022-жылдагы газ митингдери

Террордук чабуул деген ойдон кайтпайбыз. Референдумда добуш берген Токаевдин сөзү

Казакстандын президенти январдагы апаат кайталанбай турганына ишендирди: буга өлкөнүн Баш мыйзамына өзгөртүү киргизүү боюнча өтүп жаткан бүгүнкү референдум кепил болуп бермекчи.
Sputnik
БИШКЕК, 5-июн. — Sputnik. Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев Конституцияга өзгөртүү киргизүү боюнча референдумга добуш берип, Январь окуясынын иликтениши тууралуу маалымат берди.
Sputnik Казакстан агенттиги билдиргендей, өлкө башчы Казакстанда жыл башында болуп өткөн окуялар террордук чабуул деп мүнөздөлөрүн айткан.
"Биз мамлекеттик түзүлүштү кыйратууга багытталган террордук чабуул болду деген оюбуздан кайтпайбыз. Ошол себептен катыштыгы бар делген тараптын баарын жоопкерчиликке тартуу зарылдыгы тууралуу айтып келебиз", — деди Токаев.
Анын айтымында, операциянын өзү дыкат пландаштырылып, мыкты даярдалган кесипкөй адамдардын жетеги менен жүргөн.
Журналисттер президенттен буга чейин 20 миң террорчу тууралуу айтканынын бүгүнкү күндө да жөнү бар-жогун сурашты.
"Бул сан укук коргоо органдарынын мурунку жетекчилери тарабынан айтылган, кеп бүтүндөй өлкө тууралуу болуп жатат. Бир мезгилде 13 шаарда бийликке каршы бандиттик аракеттер жүрдү. Ушу тапта 5,5 миң кылмыш иши козголгон, 500ү сотко жөнөтүлдү. Болгону 23 киши реалдуу жоопкерчиликке тартылганына көңүл бургум келет. Бул иликтөө өтө дыкаттык менен жүрүп жатканынан кабар берет", — деди Токаев.
Ал мындай апаат кайталанбай турганына ишендирди: буга өлкөнүн Баш мыйзамына өзгөртүү киргизүү боюнча өтүп жаткан бүгүнкү референдум кепил болуп бермекчи.
Журналисттер өлгөндөрдүн тизмеси качан жарыяланарына да кызыгышты.
"Сөзсүз жарыяланат, коомчулук билиши керек. Тизмеде, жогоруда айтылгандай, террорчулардын тарабында жүрүп көз жумгандар арбын. Булар — өз аракети менен мамлекеттик түзүлүштү кыйратууну каалаган адамдар. Ошону менен бирге эле мамлекетке каршы чыкпаган, буга эч тиешеси жок адамдар да бар", — деди президент.
Өлкө башчынын айтымында, карапайым калкка каршы иш кылган аскерий адамдардын баары жоопкерчиликке тартылат. Тергөө жүрүп жатат, баллистикалык экспертизалар дайындалган.
Токаев иликтөөгө эл аралык эксперттерди тартуунун кажети жок экенин, тийиштүү органдар ишин ачык-айкын жана жогорку деңгээлде жүргүзүп жатканына токтолду.
Эскерте кетсек, Казакстанда бүгүн, 5-июнда, Конституцияга өзгөртүү киргизүү боюнча референдум өтүп жатат. Президент бул өзгөрүүлөр башкаруунун "суперпрезиденттик" формасынан баш тартып, таасирдүү парламенти жана өкмөтү бар президенттик башкарууга жол ачышы керектигин белгилеген.
Казакстан: 2022-жылдагы газ митингдери
Казакстандагы январь тополоңу: катышкандардын алгачкы тобуна сот өкүмү чыкты