Өзгөндө мечитти каттоого активдүү катышпаган имамдарга эскертүү берилди

Дин кызматкерлери көйгөй менен жеринде таанышкан.
Sputnik
БИШКЕК, 5-июн. — Sputnik. Өзгөндөгү мечиттерди каттодон өткөрүү иштерине активдүү катышпаган имамдарга эскертүүлөр берилди. Бул тууралуу муфтияттын маалымат кызматы кабарлады.
Райондун борбордук мечитинде каттоодон өтө элек мечиттерди каттоо боюнча жыйын өтүп, документтештирүү иштеринин көйгөйлөрү жана аны чечүү жолдору талкууланган.
Ага Ош облусунун курулуш жана мечит адиси Абдималик Турсунбеков, Өзгөн районунун баш имам-хатиби Акжол Бакиров жана мечит имамдары катышкан.
Турсунбеков каттоо иштерин тездетүү зарыл экенин белгилеген. Жыйынтыгында ага активдүү катышпаган жана ишине кайдыгерлик кылган имамдарга эскертүү берилген.
Бишкекте борбордук мечит бузулмай болду