Лавров: НАТОнун кеңейиши боюнча маселеге Батыш орой жооп берген

Лавров Россия Батышка НАТОну кеңейтүү идеясынын аягы жакшылык менен бүтпөй турганын эскертип келгенин айтты.
Sputnik
БИШКЕК, 5-июн. — Sputnik. Батыш буга чейин НАТОнун кеңейиши жана Украинанын бул процесске катышуусуна Россиянын тиешеси жок жана ал бул маселеге кийлигишпеши керек деп орой жооп берген. Бул тууралуу РИА Новости РФ ТИМ башчысы Сергей Лавровдун айтымына таянып кабарлады.
"Минск келишимин аткаруу талаптары менен бирге биз көп жылдар бою Батышка НАТОну кеңейтүү идеясынын аягы жакшылык менен бүтпөй турганын эскертип келгенбиз. Көрсө, Советтер Союзуна НАТО кеңейбейт деп убада бергени жалган экен. Андан бери альянс беш ирет кеңейди, эми алтынчысын пландап жатышат. Мындан тышкары, алар НАТОго Украинаны тарта баштаганда бул Россияга түздөн-түз коркунуч жарата турганын эскерткенбиз. Алар биз 2009-жылы сунуш кылган Европадагы коопсуздук кепилдиктери боюнча келишимдин долбоорун четке кагышты", — деди Лавров.
ТИМ башчысы Россиянын 2021-жылы АКШ менен НАТОго (өзүнчө келишим) сунуш кылган долбоорун да көрмөксөнгө салып коюшканын белгиледи.
"Бизге альянсты кеңейтүү жана бул процесске Украинанын катышуусу силердин ишиңер эмес, бул маселеге кийлигишпегиле деп орой жооп беришкен", — деген Лавров.
ТИМ башчысы АКШ Украинага курал-жарак ташып, ал жакта Борбордук чалгын башкармалыгынын жүздөгөн кызматкери иштеп турганын кошумчалаган.
"Менимче, алар 10 жылдан бери Украинада жана бул өлкөнүн расмий агенттиктеринин ири имараттарын ээлеп, башкарып отурушат. Батыш өлкөлөрү бардык сунуштарыбыздан баш тартып, Россияны коркутуу үчүн Украинаны колдонуп, атайын мейкиндик түзүштү. Ошол себептен бизде башка арга калган жок. Донецк менен Луганск Украинадан өзгөчө статус алып, Украинанын курамында калышы керек болчу", — деген ТИМ башчысы.
Лавров 24-февралга чейин эле Украинанын куралдуу күчтөрү Донбассты аткылап, миңдей жай тургун каза болгонун кошумчалаган.
Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы
Путин: Россиянын ПВО системасы Украинанын техникасын жаңгактай чагууда