БИШКЕК, 5-июн. — Sputnik. Эгер Кытай сейрек казылуучу минералдарын АКШга жөнөтүүнү токтотуп койсо, америкалык жоокерлер куралсыз калат. Бул тууралуу Fox News жазды.
"Бул ресурс болбосо учактар учпай, танкалар токтоп калат, ал эми армия байланыш жаатында кыйынчылыкка тушугушу мүмкүн", — деп жазылат макалада.
Басылманын маалыматы боюнча, Кытай дүйнө мамлекеттеринин аталган минералга болгон муктаждыгынын дээрлик 90 пайызын жабат. Ал эми АКШда экологиялык мыйзамдын катаалдыгынан улам өндүрүш кыйла чектелген.
"Американын F-35 истребителдери, M1Abrams танкалары, "жер-аба" классындагы ракеталар дал ушул минералдан турат. Пекиндин сейрек казылуучу материалга болгон монополиясы АКШнын улуттук коопсуздугуна коркунуч туудурат", — деп жазылган макалада.
Ал арада сенатор Том Коттон Пентагондун запасы болгону бир жылга гана жетерин билдирди.
Буга чейин АКШнын мамелкеттик катчысы Энтони Блинкен АКШнын Кытайга карата курсу тууралуу айтып жатып Вашингтон Пекинди дүйнөгө "олуттуу чакырык" таштачу өлкө катары карай турганын билдирген. Муну менен бирге АКШ Тайвандын көз карандысыздыгын колдобой турганын, бирок баштапкы макамынын бир тараптуу өзгөрүшүнө каршы чыгарын айткан болчу. Мындан улам Америка Тайванга коргонуу потенциалын өз деңгээлинде кармап турууга дайым көмөктөшөрүн белгилеген.