Казакстандыктар Кыргызстанда референдумга добуш берүүдө. Видео

Саат 14:00гө карата референдумга катышкандардын саны 53,43 пайызды түздү.
Sputnik
БИШКЕК, 5-июн. — Sputnik. Кыргызстандагы казак жарандары элчиликте уюштурулган Конституцияга өзгөртүүлөрдү киргизүү боюнча референдумга добуш берүүдө. Бул тууралуу Sputnik агенттигинин кабарчысы билдирди.
Саат 14:00гө карата референдумга катышкандардын саны 53,43 пайызды түздү. Казакстандын экс-президенти Нурсултан Назарбаев менен азыркы ажосу Касым-Жомарт Токаев да өз добуштарын берген.
Токаев добуш берген соң Январь окуясынын иликтениши тууралуу маалымат берип, Казакстанда жыл башында болуп өткөн окуялар террордук чабуул деп мүнөздөлөрүн айткан.
Эскерте кетсек, Казакстанда бүгүн, 5-июнда, Конституцияга өзгөртүү киргизүү боюнча референдум өтүп жатат. Президент бул өзгөрүүлөр башкаруунун "суперпрезиденттик" формасынан баш тартып, таасирдүү парламенти жана өкмөтү бар президенттик башкарууга жол ачышы керектигин белгилеген.
Казакстан: 2022-жылдагы газ митингдери
Террордук чабуул деген ойдон кайтпайбыз. Референдумда добуш берген Токаевдин сөзү