Баш мыйзамды өзгөртүү. Казакстанда референдум өтүп жатат

Коңшу мамлекетте 10 012 шайлоо участогу уюштурулуп, президент Касым-Жомарт Токаевдин добуш бергени айтылды.
Sputnik
БИШКЕК, 5-июн. — Sputnik. Казакстанда Конституцияга өзгөртүүлөрдү киргизүү боюнча референдум башталганын Sputnik Казакстан жазды.
Белгилей кетсек, референдум суперпрезиденттик башкаруудан баш тартуу максатында Конституцияга өзгөртүүлөрдү киргизүү үчүн өткөрүлүп жатат.
Коңшу мамлекетте 10 012 шайлоо участогу уюштурулган. Президент Касым-Жомарт Токаевдин добуш бергени айтылды.
Референдумга КМШнын Парламенттер аралык ассамблеясынын (ПАА) 57 байкоочусу көз салат.
Казакстан Конституциясынан Елбасы макамынын алышыны: Назарбаев үн катты