Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы

Тийген жерин талкалап. Ка-52 тик учактарынын атайын операциядагы видеосу

Россиянын Коргоо министрлиги сокку уруучу Ка-52 тик учактарынын экипажынын атайын операция жүрүп жаткан аймактардагы иштөө процессин көрсөттү.
Sputnik
Видеодон Украинанын Куралдуу күчтөрүнүн таяныч пунктуларын талкалаган кадрларды даана көрүүгө болот.
"Атылган ракета танканы, бронетранспортёр жана бир канча куралдарды жок кылган", — деп билдирди RT.
Россия Украинадагы атайын операциясын 2022-жылдын 24-февралында баштаган. Президент Владимир Путин анын максаты "Киев режими тарабынан сегиз жыл бою кордолуп-мазакталып, геноцидге кабылгандарды коргоо" экендигин билдирген. РФтин Коргоо министрлиги билдирүү жасап, Куралдуу күчтөр соккуну аскердик инфраструктура жана аскердик күчтөргө уруп жаткандыгын, көздөгөн нерсе — Донбассты бошотуу экендигин айтышкан.