Радио

Өмүрбекова: Евразиялык сеттик университет түзүлөт

ЕЭКтин Эмгек миграциясы жана социалдык коргоо департаментинин директору Алтынай Өмүрбекова Евразиялык сеттик универститет түзүлөрүн айтты.
Sputnik
Бишкекте өткөн Евразиялык экономикалык форумунда Евразиялык университеттер консорциумун түзүү боюнча меморандумга кол коюлду. Бул тууралуу Алтынай Өмүрбекова Sputnik Кыргызстан радиосуна маек куруп жатып билдирди.
Анын айтымында, аталган сеттик университетке азырынча ЕАЭБге мүчө болгон беш өлкөнүн он чакты жогорку окуу жайы кирди.
"ЕАЭБ алкагында билим берүү жаатында да иштер жасалууда. 26-27-майда Бишкек шаарында өткөн форумда Евразиялык сеттик университет түзүү боюнча меморандумга кол коюлду. Ага Ломоносов атындагы Москва университетинин ректору кол койду. Мындан сырткары, аталган консорциумга 10дон ашык жогорку окуу жайлар кирди. Эми алар меморандумдун негизинде келишимдерди иштеп чыгып, бирдиктүү окутуу программаларын, алмашып билим берүү, бакалаврды бир жерден окуп, магистратураны башка университеттен улантуу сыяктуу түрдүү механизмдерин иштеп чыгышат", — деди Өмүрбекова.
Ал аталган документ ЕАЭБге мүчө-өлкөлөрдөгү билим берүүнүн сапатынын жогорулашына жана жетишсиз адистерди окутуп чыгарууда алгылыктуу иштерди жасоого жол ачарын кошумчалады.