Дүйшөмбүгө карата аба ырайы

6-июнга караган түнү республика боюнча жаан-чачын күтүлбөйт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет.
Sputnik
БИШКЕК, 5-июн. — Sputnik. Дүйшөмбүдө түштөн кийин кээ бир райондордо өткүн өтүп, күн күркүрөп, бийик тоолуу райондордо кар жаайт. Мындай маалыматты Кыргызгидромет таратты. Абанын температурасы Чүйдө +26...+31, Талас аймагында +24...+29, Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарында +29...+34, Ысык-Көл жана Нарын өрөөндөрүндө +19...+24 градус жылуу болот.
Борбор калаада күндүн табы +28...+30 градуска жетсе, Ош шаарында +30...+32, Чолпон-Атада +20...+22 градусту көрсөтүп турат.
Радио
Жумадылов: Чолпон-Атада 9,4 гектар жерге заманбап сейил бак салынат