Чолпон-Атада жайгашкан Алыкул Осмонов атындагы скверди толугу менен оңдоп, заманбап шарты бар сейил бак ачуу пландалууда. Бул тууралуу Калыбек Жумадылов Sputnik Кыргызстан радиосунда маек куруп жатып билдирди.
Анын айтымында, Ысык-Көл районунда кышкы туризм да өнүккөндүктөн туристтер жана жергиликтүү тургундар үчүн парктын ичинде чуркоого ылайыктуу айланма жол курулат.
"Чолпон-Ата шаарынын борбордук бөлүгүндө 9,4 гектар жерге заманбап талаптарга жооп берген сейил бак салынат. Алыкул Осмонов атындагы паркты толугу менен оңдоо зарылчылыгы турат. Ал жерде бир гана узун сквер болгон. Аймак мурда кургак учук менен ооруган бейтаптарды дарылаган оорукананын территориясы эле. Буга чейин өкмөт башчысы паркты көрүп, толук кандуу эс алуу багына айландыруу долбоорун колдоп берген. Ысык-Көл районунда кышкы туризм да өнүккөндүктөн туристтерге жана жергиликтүү тургундар үчүн парктын ичинде чуркоого ылайыктуу айланма жол курулат. Келген эс алуучулар да ден соолугун чыңдап, машыгууларды өткөрүүгө мүмкүн. Бул долбоорду өлкөнүн эгемендүүлүк күнүнө карата ачууну пландап жатабыз", — деди Жумадылов.
Ошондой эле адис дүйнөлүк абалга байланыштуу Ысык-Көлгө былтыркыга салыштырмалуу көп турист кабыл алуу мерчемделип жатканын кошумчалады.