Ат-Башынын балыгын экспортко чыгаруу пландалууда

Рыбное производство в Ат-Башинском районе Нарынской области
Райондо быйыл дагы төрт балык чарбасын ишке киргизүү үчүн долбоорлор даярдалып жатканы айтылды.
Sputnik
БИШКЕК, 5-июн. — Sputnik. Нарын облусунун Ат-Башы районунда өндүрүлгөн балык продукциясы жакында башка мамлекеттерге экспортко чыгарылары күтүлүүдө. Бул тууралуу президенттин Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгү билдирди.
Ага ылайык, аталган райондо айыл чарба семинары болгон. Анда Ат-Башы районунун акими Эмилбек Абдыкадыров райондо беш балык чарбасы бар экенин айтып, алардын ичинен эң көлөмдүүсү Калинин айылындагысы экенин белгилеген.
"Жакында бул жерде балыкты тоңдуруп, экспортко чыгара турган ишкана ишке кирет. Райондогу балык чарбасынын логистикасы ушул айылда түзүлүп жатат. Мындан сырткары, быйыл дагы төрт балык чарбасын ишке киргизүү үчүн долбоорлор даярдалууда", — деген Абдыкадыров.
Калинин айылындагы балык чарбадан айыл өкмөттүн бюджетине жылына 50 миң сом каражат түшөрү айтылып, элге ар кандай социалдык колдоолор көрсөтүлүп турары кошумчаланды.
Нарын облусунун Ат-Башы районунун Калинин айылында Россия-Кыргыз өнүктүрүү фондунун көмөгү менен жеке ишкер Самарбек Өмүракунов ири асыл тукум уй фермасын ачты
Ат-Башы районунун Калинин айылында асыл тукум уй фермасы ачылды. Сүрөт