Ала-Арча улуттук паркына унаалар убактылуу киргизилбейт. Күнү жана себеби

Келерки аптанын иш күндөрү паркка автоунаалар кире албайт.
Sputnik
БИШКЕК, 5-июн. — Sputnik. 6-июндан 10-июнга чейин Ала-Арча улуттук паркына унаалар киргизилбейт. Маалыматты Sputnik Кыргызстан агенттигинин кабарчысына улуттук парктын жетекчилиги тастыктады.
Мындай чектөө жол оңдоо иштерине байланыштуу киргизилген.
Буга чейин Жогорку Кеңештин депутаты Элдар Сулайманов Ала-Арча улуттук паркын трансформациялап, бизнес-объектилерди курууну сунуштаган. Ал эми маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министри Азамат Жаманкулов паркты жакшыртуу боюнча долбоорду иштеп чыгып, учурда өкмөттө турганын билдирген.
Ала-Арча улуттук паркы 40 жыл мурун — архивдик сүрөттөр