Жапаров менен Ташиев УКМКнын окуу-машыгуу борборунун ачылышына катышты. Сүрөт

Борбордун аймагында кызматкерлердин машыгуусуна, билимин арттырууга, ошондой эле узак мөөнөткө чейин жашап, кызмат кылышына бардык зарыл шарттар түзүлгөн.
Sputnik
БИШКЕК, 4-июн. — Sputnik. Президент Садыр Жапаров бүгүн, 4-июнда, Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин окуу-машыгуу борборунун ачылыш аземине катышты. Бул тууралуу өлкө башчынын маалымат кызматы кабарлады.
1 / 6

Президент Садыр Жапаров бүгүн, 4-июнда, Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин окуу-машыгуу борборунун ачылыш аземине катышты

2 / 6

Жапаров өлкөнүн коргонуу жөндөмдүүлүгүн чыңдоо максатында заманбап курал-жарактар, күжүрмөн техникалар сатып алынып жатканын эске салган

3 / 6

Мамлекет башчы терроризм жана башка кылмыштуу жосундар менен күрөшкөн атайын түзүмдөрдүн кызматкерлеринин квалификациясын жогорулатуу, ошондой эле өлкөнү террорчулардан коргоону жакшыртуу жана күчөтүү максатында бардык эл аралык талаптарга жооп берген Окуу-машыгуу борборун түзүү зарылдыгы келип чыкканын белгилеген

4 / 6

Борбордун аймагында машыгууга, тиешелүү билимдерин арттырууга, ошондой эле кызматкерлердин узак мөөнөткө чейин жашап, кызмат кылышына бардык зарыл шарттар түзүлгөн

5 / 6

Иш-чаранын жүрүшүндө оперативдүү-күжүрмөн топтордун душмандарды жок кылуу, барымтадагыларды, террорчулар басып алган имараттарды бошотуудагы тактикалык аракеттерин көргөн

6 / 6

Андан соң окуу-машыгуу борборунун курал-жарактары жана казармасы менен таанышкан.

Жапаров өлкөнүн коргонуу жөндөмдүүлүгүн чыңдоо максатында заманбап курал-жарактар, күжүрмөн техникалар сатып алынып жатканын эске салган.
Мамлекет башчы терроризм жана башка кылмыштуу жосундар менен күрөшкөн атайын түзүмдөрдүн кызматкерлеринин квалификациясын жогорулатуу, ошондой эле өлкөнү террорчулардан коргоону жакшыртуу жана күчөтүү максатында бардык эл аралык талаптарга жооп берген Окуу-машыгуу борборун түзүү зарылдыгы келип чыкканын белгилеген.
"Мындай борборлор чет өлкөлөрдүн жана коӊшу мамлекеттердин атайын кызматтарында бар экенин билесиздер. Өткөн жылы азыркы замандын чакырыктары менен коркунучтарын эске алып, Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин демилгеси менен жаӊы окуу борборунун пайдубалы түптөлгөн. Бүгүн мына ал борбордун курулушу бүтүп, пайдаланууга берилип отурат", — деген президент.
Ал ошондой эле бул жерде кызматкерлерди такшалтып, толук кандуу машыктырып, дасыккан адис болуп чыгышына зарыл шарттар түзүлүп, тийиштүү материалдык-техникалык база менен жабдылганын кошумчалаган.
Борбордун аймагында машыгууга, тиешелүү билимдерин арттырууга, ошондой эле кызматкерлердин узак мөөнөткө чейин жашап, кызмат кылышына бардык зарыл шарттар түзүлгөн.
Өлкө башчы УКМКнын окуу-машыгуу борборунун административдик имаратынын жанына көчөт отургузган. Иш-чаранын жүрүшүндө оперативдүү-күжүрмөн топтордун душмандарды жок кылуу, барымтадагыларды, террорчулар басып алган имараттарды бошотуудагы тактикалык аракеттерин көргөн. Андан соң окуу-машыгуу борборунун курал-жарактары жана казармасы менен таанышкан.
Бейшеналиев менен Зулушевди президент кызматтан убактылуу четтети