Велосипед тепкен саясатчылар: Макрондон Шварценеггерге чейинки 18 сүрөт

Велосипеддин башка авто же авиатранспорттор сыяктуу экологияга зыяны жок. Андан сырткары, адамдын ден соолугуна пайдалуу, чөнтөккө да көп чыгым келтирбестиги көптөн бери айтылып келет.
Sputnik
Британиялык окумуштуулардын командасы велосипед тебүү саламаттыкка оң таасирин берип, рактын өрчүшүн жана жүрөк, кан тамыр ооруларын алдын аларын аныктап чыгышкан.
Sputnik төмөндө атактуулар велосипед тээп жүргөн жана бул транспортту жактырган саясатчылардын, дүйнөлүк масштабдагы атактуулардын сүрөтүн сунуштайт.
1 / 18

Калифорниянын мурдагы губернатору, америкалык актер Арнольд Шварценеггер Парижде (2015)

2 / 18

Британиялык режиссер Альфред Хичкок эл аралык Канн фестивалына ушул унаасы менен келген (1972)

3 / 18

Британиялык принц Гарри регби боюнча Англиянын мурдагы оюнчусу Лоуренс Даллаглио менен. Лондон (2010). Даллаглио жана анын командасы велосипед менен 1 700 чакырым жол басып, Европаны кыдырып чыккан.

4 / 18

Америкалык актер Кевин Костнер велосипедин Амстердамдагы көпүрөдөн алып өтүп бара жатат (2022)

5 / 18

Америкалык актриса Кэтрин Хепберн (1952)

6 / 18

Франция президенти Эммануэль Макрон жана Даниянын премьер-министри Ларс Локке Расмуссендин Копенгагенде сейилдеп жүргөн учуру (2018)

7 / 18

Испаниялык сүрөтчү Сальвадор Далинин картиналарын көргөзмөгө тапшырыш үчүн велосипед менен келген учуру (1967)

8 / 18

Принц Чарльз жана Британиялык-азиаттык тресттин мүчөлөрү (2021)

9 / 18

Музыкант Фарелл Уильямс велосипеди менен (2009)

10 / 18

Франциянын ИИМ жетекчиси Николя Саркози (2003)

11 / 18

Италиялык актриса Жина Лоллобриджида (1955)

12 / 18

Таиланддын мураскер ханзаадасы Маха Вачиралонгкорндун массалык веложарышка катышкан учуру (2015)

13 / 18

Нидерланддардын ханышасы Максима анын урматына түптөлгөн парктын ачылышына велосипед менен келди (2013)

14 / 18

Венесуэла президенти Уго Чавес Пекинде (1999)

15 / 18

АКШнын президенти Жорж Буш тоого чыкканда тепкен велосипеди менен (2007)

16 / 18

БУУнун башкы катчысы Пан Ги Мун жана Коста-Риканын тышкы иштер министри Мануэль Гонсалес (2014)

17 / 18

Лондондун мэри жана Brexit тарапкери Борис Жонсон велосипед менен Вестминстер аркылуу өтүп бара жатат (2014)

18 / 18

Франция президенти Эммануэль Макрондун жубайы Брижит Макрон (2017)