Саламаттык сактоо министринин орун басарлары бошотулуп, жаңылары дайындалды

Тиешелүү буйруктарга министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров кол койгон.
Sputnik
БИШКЕК, 4-июн. — Sputnik. Саламаттык сактоо министринин орун басарлары иштен бошотулуп, ордуна жаңы жетекчилер келди. Бул тууралуу өкмөттүн маалымат кызматы кабарлады.
Тиешелүү буйруктарга министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров кол койгон. Ага ылайык, Улук-Бек Бектурганов, Жалалидин Рахматулаев, Жапаркул Ташиев кызматтан кетти. Алардын ордуна Жаркынбек Касымбеков, Бүбүжан Арыкбаева, Улан Садыков дайындалды.
Буга чейин тергөө аяктаганча деп саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев кызматтан убактылуу четтетилген. Башкы прокуратура ага карата жалпы жети кылмыш ишин козгогон.
Башкы прокуратура: Алымкадыр Бейшеналиев орун басарынан пара талап кылган