Нарын шаарындагы мектептердин бүтүрүүчүлөрү тогуз бүлөнү үйлүү кылышты. Сүрөт

Жакшы иштердин ээси орто мектептерди 1977, 1998, 1994 жана 2012-жылы аяктаган бүтүрүүчүлөр экендиги маалым болду.
Sputnik
БИШКЕК, 4-июн. — Sputnik. Нарын шаарынын орто мектептеринин бүтүрүүчүлөрү аталган калаадагы аз камсыз болгон үй-бүлөлөргө турак үйлөрдү белек кылышты. Бул тууралуу аймактык кабарчы билдирди.
1 / 5

Нарын шаарынын орто мектептеринин бүтүрүүчүлөрү аталган калаадагы аз камсыз болгон үй-бүлөлөргө турак үйлөрдү белек кылышты

2 / 5

Бүгүн, 4-июнда, Нарын шаарында жакшы саамалык болуп, калаадагы орто мектептерди 2012-жылы бүтүргөндөр аз камсыз болгон беш бүлөгө, ал эми 1977, 1998, 1994-жылы аяктагандар төрт бүлөгө, жалпысынан тогуз үй-бүлөгө турак үйлөрдүн ачкычын тапшырышты

3 / 5

Үйлөрдүн ачкычтарын жаңы кожоюндарына тапшыруу аземи шаардык "Ала-Тоо" стадионунда өткөрүлгөн

4 / 5

Облус жетекчиси Сабыркул Ашимбаев айкөлдүк менен сооп иш жасап жаткан жаштардын ынтымагына Нарын облусунун элинин жана өзүнүн атынан терең ыраазычылык билдирип, демилгелүү муундардын өкүлдөрүнө жакшы тилегин жолдоп, ыраазычылык каттарды тапшырган

5 / 5

Аймактык кабарчы өткөн жылы дагы көзү азиз шаар тургунуна бүтүрүүчүлөр үй алып беришкенин кошумчалады.

"Бүгүн, 4-июнда, Нарын шаарында жакшы саамалык болуп, калаадагы орто мектептерди 2012-жылы бүтүргөндөр аз камсыз болгон беш бүлөгө, ал эми 1977, 1998, 1994-жылы аяктагандар төрт бүлөгө, жалпысынан тогуз үй-бүлөгө турак үйлөрдүн ачкычын тапшырышты", — деп билдирди.
Үйлөрдүн ачкычтарын жаңы кожоюндарына тапшыруу аземи шаардык "Ала-Тоо" стадионунда өткөрүлгөн.
Облус жетекчиси Сабыркул Ашимбаев айкөлдүк менен сооп иш жасап жаткан жаштардын ынтымагына Нарын облусунун элинин жана өзүнүн атынан терең ыраазычылык билдирип, демилгелүү муундардын өкүлдөрүнө жакшы тилегин жолдоп, ыраазычылык каттарды тапшырган.
Аймактык кабарчы өткөн жылы дагы көзү азиз шаар тургунуна бүтүрүүчүлөр үй алып беришкенин кошумчалады.
Бишкекте ата-энеси жок алты бала прокуратуранын жардамы менен үйлүү болду