Бишкекте 1 778 мектептин окуучулары катышкан спорттук иш-чара бүттү. Сүрөт

Окуучулар футбол, волейбол жана баскетбол боюнча ат салышты.
Sputnik
БИШКЕК, 4-июн. — Sputnik. Кечээ Дөлөн Өмүрзаков атындагы стадиондо "Мектеп лигасынын" 2021-2022-сезонунун финалдык оюндары өтүп, иш-чара салтанаттуу жыйынтыкталды. Бул тууралуу Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги кабарлады.
1 / 4

Кечээ Дөлөн Өмүрзаков атындагы стадиондо "Мектеп лигасынын" 2021-2022-сезонунун финалдык оюндары өтүп, иш-чара салтанаттуу жыйынтыкталды

2 / 4

Ага министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсалов, маданият министри Азамат Жаманкулов, Билим берүү жана илим министрлигинин өкүлдөрү, спорттук федерациялардын президенттери катышкан

3 / 4

Иш-чарага өлкөнүн ар кайсы аймагындагы 1 778 мектептин окуучулары футбол, волейбол жана баскетбол боюнча ат салышып, мыктылар аныкталган

4 / 4

Белгилей кетсек, "Мектеп лигасы" 2021-жылдын 28-октябрында старт алган.

Ага министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсалов, маданият министри Азамат Жаманкулов, Билим берүү жана илим министрлигинин өкүлдөрү, спорттук федерациялардын президенттери катышкан.
Иш-чарага өлкөнүн ар кайсы аймагындагы 1 778 мектептин окуучулары футбол, волейбол жана баскетбол боюнча ат салышып, мыктылар аныкталган.
Жаманкулов "Мектеп лигасы" жаштар арасында массалык спортту пропагандалоого жана сергек жашоого умтулууга түрткү бергенин белгилеген.
Ошондой эле министр бул лиганын мыктыларын эл аралык деңгээлдеги мектеп лигаларына катыштыруу планы бар экенин айтан. Муну менен катар студенттер арасында "Колледж лигасы" жана "Университет лигасын" уюштуруу керектигин кошумчалаган.
Салтанаттуу аземде жеңүүчүлөргө 100 миң сомдон 500 миң сом чейинки акчалай сыйлыктын күбөлүктөрү, жеңүүчүнүн кубогу жана атайын баалуу белектер тапшырылган.
Белгилей кетсек, "Мектеп лигасы" 2021-жылдын 28-октябрында старт алган.
Алматыдагы турнирде кыргызстандык спортчулар дагы эки коло медаль алды