Радио

Жусупов: малды идентификациялоо мамлекетке, жарандарга пайда алып келет

Айыл чарба министрлигине караштуу ветеринардык кызматтын директорунун орун басары Ашырбай Жусупов малды идентификациялоо боюнча мыйзам 2015-жылы кабыл алынганын белгиледи.
Sputnik
Малды идентификациялоо мамлекетке, жарандарга пайда алып келет. Анткени өлкө экспорттук потенциалын жогорулатат. Ал эми жарандар насыя алууда жеңилдиктерге ээ болот. Бул тууралуу Ашырбай Жусупов Sputnik Кыргызстан радиосуна маек куруп жатып билдирди.
Анын айтымында, идентификациядан өтпөгөн мал кооптуу катары санала турганын белгиледи.
"Бажы биримдигине киргенде, эл аралык стандарттарга ылайык, малды идентификациялоо боюнча мыйзам кабыл алынган. Малды каттоо анын саламаттыгын сактоо, экспортко чыгаруу мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүү үчүн керек. Анткени малдын илдеттери, жашы жана башка маалыматтар толугу менен базага киргизилет. Натыйжада мал уурулук да азаят. Мындан тышкары, малды күрөөгө коюп насыя алуу маселеси чечилүүдө. Фермерлер ветеринардан тийиштүү маалыматты алып, банкка берет. Ал эми идентификациядан өтпөгөн мал белгисиз катары каралып, карантинге алынып коркунучтуу саналат. Эгерде андан кандайдыр бир илдет аныкталса, жок кылынышы дагы ыктымал. Учурда бодо мал, чочколор толугу менен идентификациядан өттү. Бирок улам жаңы төл болгонуна байланыштуу аталган процесс токтобойт. Жылкынын 55 пайызы идентификациядан өтүп калды, жылдын соңуна чейин аяктап калат. Мындан тышкары, канаттуулар жана балыктар тобу менен идентификациядан өткөрүлөт", — деди Жусупов.
Ошондой эле ал идентификациядан өтпөгөн малдан илдет аныкталса жок кылынышы ыктымал экенин кошумчалады.