Макрон Россиянын беделин түшүрө берүүгө каршы чыкты

Макрон Украинадан улам дүйнөдө жаралган учурдагы кырдаал да өтөрүн, Россия менен кызматташууну жандандырууга да мезгил келерин башкалардын эсине салды.
Sputnik
БИШКЕК, 4-июн. — Sputnik. Франция президенти Эммануэль Макрон Россиянын беделин түшүрүп кемсинте бербеш керектигин, ал мамлекет менен кызматташууга да мезгил келерин кошумчалады. Бул туурасында РИА Новости анын Ouest France басылмасына берген маегине таянып жазды.
"Россияны кемсинте бербеш керек, согуш аяктаган күн да келет, ошол учурда биз дипломатия жолу менен аларга (Россия – ред.) чыккандай болушубуз керек", — деген Макрон.
Франция лидери маекте Россия президенти Владимир Путин менен сүйлөшкөндүгүн жашырбай тургандыгын айткан. Андан сырткары, Украинанын азыркы башчысы Владимир Зеленскийдин өтүнүчүн аткаруу үчүн Россия лидери менен байланышкандыгын кошумчалаган.
Россия Украинадагы атайын операциясын 2022-жылдын 24-февралында баштаган. Президент Владимир Путин анын максаты "Киев режими тарабынан сегиз жыл бою кордолуп-мазакталып, геноцидге кабылгандарды коргоо" экендигин билдирген.
Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы
Лавров: Путин Украинадагы абалды жөндөөгө кызыккандар менен сүйлөшүүгө даяр