Мадамин Каратаев Улуттук фтизиатрия борборунун директорлугунан кетти

Каратаев бул кызматка былтыр апрелде келген. Ага чейин саламаттык сактоо министринин орун басары болчу.
Sputnik
БИШКЕК, 4-июн. — Sputnik. Саламаттык сактоо министрлигине караштуу Улуттук фтизиатрия борборунун директору Мадамин Каратаев ээлеген кызматынан бошотулду. Бул тууралуу өкмөттүн маалымат кызматы кабарлады.
Тиешелүү буйрукка министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров кол койгон.
Каратаев бул кызматка былтыр апрелде келген. Ага чейин саламаттык сактоо министринин орун басары болчу.
Саламаттык сактоо министринин орун басарлары бошотулуп, жаңылары дайындалды