Оттуу тоо агып келе жаткандай: Этна кайрадан ойгонгон видео

Сицилияда Европадагы эң ири жанар тоо — Этна кайрадан жанданып, айбатын көрсөтүүдө. Анын соңку кадрларын RT таратты.
Sputnik
Италиянын аймагындагы бул вулкандын улам бийиктеп, атылып жатканы кабарланды.
Видеодон оттуу тоо агып келе жаткандай сезим калтырган ирмемдерди оператордун кадрга түшүрүп жатканын көрүүгө болот. Мындан сырткары, аталган аймакка агылган туристтер да аз эмес.
Этнаны бекер жеринен Европадагы эң активдүү жанар тоо деп аташпайт. Ал жылына болжол менен 150 ирет ойгонот.
Вулканологдордун айтымында, Этна коркунучтуу эмес. Адистер ага тыкыр көз салып турушат.