Радио

Асанбаева: 5-июнда Eco-Fashion Kyrgyzstan-2022 сынагы экинчи ирет өткөрүлөт

Eco-Fashion Kyrgyzstan сынагынын координатору Асел Асанбаева аталган сынак быйыл экинчи ирет өткөрүлүп жатканын айтты.
Sputnik
Мода индустриясы мунай-газ өнөр жайынан кийинки экологияны булгоочу экинчи ири тармак катары таанылган. Андыктан экомоданы өнүктүрүү, пропагандалоо — замандын талабы. Бул тууралуу Асел Асанбаева Sputnik Кыргызстан радиосунда маек куруп жатып билдирди.
Анын айтымында, быйыл конкурска катышууга дизайнерлерден 50дөй билдирүү келип түшүп, 32си тандалып алынган.
"II Eco-Fashion Kyrgyzstan-2022 сынагынын финалы 5-июнь күнү Asiamotors шоурумунда өтүп, калыстар тобу жаш дизайнерлердин тандалган 32 коллекциясынын ичинен эң мыктысын аныктайт. Мелдеш "Эко-Фантазия" — салттуу эмес материалдардан даярдалган авангарддык коллекциялар, Upcycling — эски кийимдерге жаңы жашоо берип тигилген коллекциялар жана Exclusive — чыгармачыл коллекциялары болуп үч номинация боюнча өткөрүлөт. Сынактын калыстар тобунун ардактуу мүчөлөрү катары Кыргызстандын белгилүү дизайнерлери чакырылган (Татьяна Воротникова, Дилбар Ашымбаева, Замира Молдошева, Дина Жейкоб, Толгонай Байра). Ар бир номинация боюнча алар 1, 2 жана 3-орундардын ээлерин, ошондой эле гран-при жеңүүчүсүн аныкташат. Жеңүүчү 2022-жылдын август айында Санкт-Петербург шаарында өтө турган экомода жумалыгында Кыргызстандын атынан чыгат. Бул сынактын негизги максаты – коомчулукту кийимди аң-сезимдүү, сарамжалдуу керектөөгө жана аны өндүрүүдө айлана-чөйрөгө зыян келтирбестен экологияга жоопкерчиликтүү мамиле жасоого үндөө. Ошондой эле жаштарды экологиялык жашоо образына, модага тартуу, креативдүүлүктү көрсөтүү жана таланттуу жаштардын чыгармачылык потенциалын ишке ашыруу үчүн аянтча түзүп берүү болуп саналат", — деди Асанбаева.
Ал Eco-Fashion Kyrgyzstan-2021 сынагынын жеңүүчүсү, дизайнер Нурбек Кадыркуловдун коллекциясы Балтика боюндагы этникалык мода эл аралык фестивалынын онлайн сынагынын "Заманбап модадагы этникалык мотивдер" номинациясында биринчи орунду ээлегенин кошумчалады.