Алматыдагы турнирде кыргызстандык спортчулар дагы эки коло медаль алды

Кыргызстандын балбандары эл аралык турнирде ушуну менен алты медаль утту.
Sputnik
БИШКЕК, 4-июн.— Sputnik. Кыргызстандык балбандар Ренат Ильяз уулу (77 кг) менен Калидин Асыкеев (82 кг) Казакстанда өтүп жаткан Bolat Turlykhanov Cup аттуу күрөш боюнча эл аралык турнирде коло байге алышты.
Үчүнчү орун үчүн кармашта Ренат Ильяз уулу грузиялык атаандашы Хвиче Ананидзени 9:0 менен уткан. Ал эми Калидин Асыкеев казакстандык балбан Шамиль Батыровду 3:1 эсебинде жеңген.
Ушуну менен Алматы шаарында өтүп жаткан эл аралык турнирден кыргызстандык спортчулар алты медаль алды. Анын ичинен Акжол Махмудов менен Айпери Медет кызы алтын тагынса, Жоламан Шаршенбеков, Атабек Азисбеков, Ренат Ильяз уулу, Калидин Асыкеев коло медалдын ээси болушту.
Казакстандагы турнирде 15 мамлекеттин балбандары күч сынашууда. Алардын арасында Олимпиада оюндарынын жеңүүчүлөрү, дүйнө чемпиондору бар.
Дагы бир алтын! Алматыдагы турнирде Айпери атаандашын 17:6 эсебинде жеңди