Ысык-Көлдө июнь айында 20 миң спортчу катышкан фестиваль өтөт

Иш-чаранын программасына спорттун олимпиадалык, олимпиадалык эмес, паралимпиадалык жана улуттук түрлөрү кирет.
Sputnik
БИШКЕК, 3-июн. — Sputnik. Ысык-Көл облусунда 15-июндан 3-июлга чейин VI эл аралык "Кыргызстан бермети" аттуу спорт фестивалы өтөт. Бул тууралуу Sputnik Кыргызстан радиосуна фестивалдын негиздөөчүсү жана президенти Бекболсун Советбеков билдирди.
Анын айтымында, фестивалга катышууну каалаган 15 мамлекеттен арыз келип түштү.
"Спортчулардын көбү Казакстандан келет (төрт миң). Өзбекстандан миң, Россиядан 200дөн кем эмес спортчу катышат. Мындан тышкары, Түркмөнстандан, Азербайжандан, Молдовадан, Пакистандан, Индиядан жана Германиядан келгендер болот. Кыргызстандан 8 миң спортчу катышат", — деди фестивалдын уюштуруучусу.
Быйыл иш-чаранын программасына спорттун олимпиадалык, олимпиадалык эмес, паралимпиадалык жана улуттук түрлөрү (жалпы 30 түрү) кирет.
Советбеков белгилегендей, фестивалга катышууну каалагандардын саны арбын. Арыздар дале түшүп жатат. Болжол боюнча 20 миң спортчу катышат. Алардын баарын кабыл алууга өлкө даяр.
Жоламан Шаршенбеков менен Атабек Азисбеков Алматыдагы турнирде коло алды. Сүрөт