ТИМ кыргыз-тажик чек арасындагы абал боюнча үн катты

Атаханов бардык көйгөйлөр саясий жана дипломатиялык жол менен гана чечилиши керектигин белгилеген.
Sputnik
БИШКЕК, 3-июн.— Sputnik. Кыргызстандын Тышкы иштер министрлигинин расмий өкүлү Авазбек Атаханов Баткендеги Булак-Башы тилкесинде болгон чек ара чатагы боюнча комментарий бергенин ТИМдин маалымат кызматы билдирди.
Анда Атаханов бардык көйгөйлөр саясий жана дипломатиялык жол менен гана чечилиши керектигин белгилеген.

"Жарандардын, жоокерлердин өлүмү менен коштолгон окуялар кийин дагы кайталанбашы үчүн, кылымдар бою сакталып келе жаткан эки элдин достук мамилесин бузуп алуудан сак болуу максатында тараптар конструктивдүү мамиле түзүүгө аракет кылышы керек", деди ал.

Эске салсак, чек ара аймагында атышуу бүгүн, 3-июнда, түштө башталганы кабарланган. Маалыматка караганда, алгач Баткен облусуна караштуу Булак-Башы аймагында кыргызстандык чек арачылар тактала элек аймактан өтүп, Кыргызстанга мыйзамсыз кирип кеткен тажикстандык чек арачыларды көрүшкөн. Талаптарга баш ийбеген тажик чек арачылары кыргыз аскерлерин көздөй ок чыгарган. Натыйжада эки өлкөнүн чек арачылары атыша кеткен. Тажик тарап миномёт колдонгон. Буга чейин окуя болгон жерде эки тараптан тең жаракат алгандар бар экени айтылган. Кыргыз тараптан эки жоокер жарадар болгон.
Саламаттык сактоо министрлиги жаракат алгандардын биринин абалы өтө оор экенин, бейтап жасалма дем алдыруучу аппаратка туташтырылганын белгилеген. Ал эми экинчи жарандын абалы орто деп бааланды. Жоокерлер Бишкекке которулушу ыктымал.
УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев жаңжал жайлоо талашынан чыкканын белгилеген.
Кыргызстан менен Тажикстандын чек ара өкүлдөрү сүйлөштү. Жыйынтыгы