Кыргызстандын эки тасмасы Чувашиядагы эл аралык кинофестивалда көрсөтүлөт

Кыргыз режиссёрлорунун эмгеги эки сынакка катыша турганы айтылды.
Sputnik
БИШКЕК, 3-июн. — Sputnik. Режиссёр Илгиз-Шернияз Турсунбек уулу менен Сооронбек Тургунмаматовдун "Аламан" тасмасы жана Бакыт Мукул менен Дастан Жапар уулунун "Акыркы көч" кинокартинасы XV Чебоксар эл аралык юбилейлик кинофестивалында көрсөтүлөт. Бул тууралуу фильмдин продюсери кабарлады.
1 / 2

Режиссёр Илгиз-Шернияз Турсунбек уулу менен Сооронбек Тургунмаматовдун "Аламан" тасмасы жана Бакыт Мукул менен Дастан Жапар уулунун "Акыркы көч" кинокартинасы XV Чебоксар эл аралык юбилейлик кинофестивалында көрсөтүлөт

2 / 2

"Акыркы көч" фильми көркөм тасмалардын сынагына катышса, "Аламан" даректүү тасмасы этникалык жана аймактык кино сынагында ат салыша турганы айтылды

"Этникалык жана аймактык киного арналган бул иш-чара Чувашиянын борборунда 1-июндан 6-июнга чейин өтөт. Кинофестивалда Россия жана чет мамлекеттердин кино өкүлдөрү болот", — деп айтылат маалыматта.
"Акыркы көч" фильми көркөм тасмалардын сынагына катышса, "Аламан" даректүү тасмасы этникалык жана аймактык кино сынагында ат салыша турганы айтылды.
"Акыркы көч" тасмасында улгайып калган белгилүү жазуучунун акыркы күндөрү чагылдырылат. Социалдык теңсиздик, жалпы маданият, искусство тармагында эмгектенген адамдардын камкордукка алынбаган абалы баяндалган. Фильм бир катар эл аралык сыйлыктарга татыган. 2022-жылы тартылган "Аламан" фильми кыргыздын аламан улак оюнун чагылдырат.
"Акыркы көч" тасмасы Ирактан "Мыкты оператордук иш" сыйлыгын алды