Мамлекеттин мектеп куруу боюнча саясаты өзгөрдү. Негизги багыт

Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба боюнча мамлекеттик агенттиги билдиргендей, быйыл 166 мектеп курула баштайт.
Sputnik
БИШКЕК, 3-июн. — Sputnik. Мектептерди куруу боюнча мамлекеттин саясаты өзгөрдү. Бул тууралуу Жогорку Кеңеште Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба боюнча мамлекеттик агенттигинин директору Токтомамбет Сатышов билдирди.
Ал өкмөттүн курамы менен парламентке келген учурда депутаттар "эмнеге өлкө боюнча курулушу токтоп калган мектептер көп? Алар качан бүтөт? Чала бүткөн имараттар четинен талкаланып жатат" деген суроо беришти.
"Ооба, Кыргызстанда бир нече жыл мурда башталып бүтпөй калган мектептер көп. Андыктан мамлекет бул багытта саясатын өзгөрттү. Ошол имаратка кеткен акча бекер коромжу болбош үчүн быйыл колдон келишинче көбүрөөк мектептерди бүтүрөбүз. Курулушу жаңы башталып, же биринчи кабаты тургузулгандардын чатыры жабылат. Ошондо биз имаратты талкалануудан сактап калабыз", — деди жетекчи.
Ошондой эле ал чала бүткөн мектептердин тагдыры эми чечилип, документ, каржылоо маселеси жолго коюлганын кошумчалады.
Мындан тышкары, Сатышов 2022-жылы булардан тышкары 166 мектептин курулушу башталарын айтты.
Бишкекте 3 мектеп, бир спортзалдын курулушу башталды. Эскиздери