Казакстан: 2022-жылдагы газ митингдери

Казакстандагы январь тополоңу: катышкандардын алгачкы тобуна сот өкүмү чыкты

Соттолгондор полициянын калкандарын, таяктарын алып, күч кызматкерлерин сабап, өкмөттүк имараттарды ташбараңга алды деп жазаланууда.
Sputnik
БИШКЕК, 3-июн. — Sputnik. Казакстанда январь айындагы тополоңдун катышуучуларынын биринчи тобуна сот өкүмү чыкты. Бул тууралуу Sputnik Казакстан агенттигинин Telegram-каналында жарыяланды.
"Таразда сегиз адам Кылмыш жана жаза кодексинин 272-беренеси ("Массалык башаламандык") боюнча күнөөлүү деп табылды", — деп айтылат билдирүүдө.
Алар полициянын калкандарын, таяктарын алып, күч кызматкерлерин сабап, өкмөттүк имараттарды ташбараңга алды деп жазаланууда.
Ар бири 4 жылдан шарттуу кесилди.
Белгилей кетсек, Казакстандагы январь окуясында 230 адам набыт болуп, 53 кишинин өлүмүнүн жагдайы такталууда. Коңшу өлкөнүн президенти Касым-Жомарт Токаев ЖККУдан жардам сурагандыктан тынчтыкты орнотуучу күчтөр жиберилген. Миссияга Армения, Беларусь, Кыргызстан, Россия жана Тажикстандын аскерлери катышкан.
Ереванда митингчилер менен полиция бир нече ирет кагылышты