УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев Баткенге барды. Сүрөт

УКМК төрагасы жарадар болгон жоокерлердин абалы менен таанышты.
Sputnik
БИШКЕК, 3-июн. — Sputnik. УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев Баткен облусуна барганын президенттин аталган облустагы өкүлчүлүгү тастыктады.
Ага ылайык, Ташиев алгач облус башчысы Абдикарим Алимбаев менен бирге Баткен облустук бириккен ооруканасында болуп, кыргыз-тажик чек арасындагы чырдан жарадар болгон эки жоокердин абалы менен таанышкан.
Ошондой эле ал чек ара тилкесинде катталган окуя жана акыркы кырдаал боюнча маалымат алган.
Эске салсак, чек ара аймагында атышуу бүгүн, 3-июнда, түштө башталганы кабарланган. Маалыматка караганда, алгач Баткен облусуна караштуу Булак-Башы аймагында кыргызстандык чек арачылар тактала элек аймактан өтүп, Кыргызстанга мыйзамсыз кирип кеткен тажикстандык чек арачыларды көрүшкөн.
Талаптарга баш ийбеген тажик чек арачылары кыргыз аскерлерин көздөй ок чыгарган. Натыйжада эки өлкөнүн чек арачылары атыша кеткен. Тажик тарап миномёт колдонгон.
Буга чейин окуя болгон жерде эки тараптан тең жаракат алгандар бар экени айтылган. Кыргыз тараптан эки жоокер жарадар болгон.
Баткенде чек арадагы атышуудан жабыркаган жоокерлерге диагноз коюлду