Европа биримдиги Россияга каршы санкциянын алтынчы пакетин бекитти

Санкция боюнча юридикалык документ кийинчерээк ЕБдин расмий журналына жарыяланат.
Sputnik
БИШКЕК, 3-июн. — Sputnik. Европа биримдигинин кеңеши Украинадагы абалга байланыштуу Россияга каршы санкциянын алтынчы пакетин бекитти. Бул тууралуу РИА Новости жазды.
"ЕБ кеңеши Россия менен Беларуска каршы багытталган экономикалык жана жеке жактарга санкциянын алтынчы пакетин киргизүү чечимин кабыл алды", — деп айтылат документте.
Мүмкүн болгон жаңы чектөө чаралары:
ЕБ мамлекеттери Россиянын мунайынан алты ай ичинде, ал эми мунай продукцияларынан сегиз айда баш тартат;
Деңиз аркылуу ташылып келген Россия мунайынан этап-этабы менен баш тартуу, түтүк аркылуу келгендерине убактылуу тыюу салынбайт;
Сбербанк, Россельхозбанк жана Москва кредиттик банктарын SWIFT системасынан өчүрүү;
Европада Россиянын РТР/РТР Планета, Россия 24, ТВ Центр-Международный ЖМКларынын ишин токтотуу.
Маалыматка караганда, санкция боюнча юридикалык документ кийинчерээк ЕБдин расмий журналына жарыяланат. Ошондо гана жеке жактардын кимисине чектөө киргизилгени анык болот. Андан соң санкция расмий күчүнө кирет.
Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы
Элчи Антонов Россияга каршы жаңы санкциялар боюнча оюн айтты