Шаардагы жашылдандыруу ишин илгерилетүү, бактарды калыбына келтирүү, байкоо салып туруу, убагында кам көрүү максатында бак-дарактарды инвентаризациялоо иши жүрүүдө. Бул тууралуу Жаныбек Жумалиев Sputnik Кыргызстан радиосунда маек куруп жатып билдирди.
Анын айтымында, долбоордун алкагында бардык жаран дарактын саны, отургузулган аймагы, түрү, тарыхы жана абалы тууралуу кабардар боло алат.
"Бишкек жашыл чарба" муниципалдык ишканасы бүгүнкү күнгө чейин бак-дарактарды саноо иши аркылуу гана каттоого алган. Биз ийне жалбырактуу, жазы жалбырактуу жана бадалдар деп үч түргө бөлүп, санагын чыгарып, абалына көз салып келгенбиз. Былтыртан баштап бактарга бирка орнотуп, электрондук каттоого алып жатабыз. Шаардагы 3 гектарды камтыган Эмен багындагы 1200 бакты инвентаризациялоодон өткөрдүк. Мурда сейил бактарына өзүнчө мекеме ээлик кылып келсе, эми алар "Бишкек жашыл чарба" ишканасынын карамагына өткөрүп берилди. Парктардагы бактар да көзөмөлдөнүүдө. Жалпысынан борбордогу бак-дарактарды инвентаризациялоонун алкагында эки миңдей бак-дарак электрондук каттоого алынды. Шаарды жашылдандыруу ишин илгерилетүү, бактарды калыбына келтирүү, байкоо салып туруу, убагында кам көрүүдө мындай иш жакшы натыйжа берет", — деди Жумалиев.
Ошондой эле адис Бишкектеги эмен бактарынын орточо курагы 80-100 жылды түзөрүн кошумчалады.