Радио

Экономист: бир катар өлкөлөр ЕАЭБге байкоочу катары кирүүгө кызыкдар

Президентке караштуу мамлекеттик башкаруу академиясынын жаңы экономика боюнча илим изилдөө кафедрасынын жетекчиси, экономист Улукман Мамытов ЕАЭБдин келечектүү уюм экенин белгиледи.
Sputnik
Сингапур, Вьетнам, Иран, Түркия, Египет сыяктуу өлкөлөр ЕАЭБге байкоочу катары кирүүгө кызыкдар. Мындай пикирин Улукман Мамытов Sputnik Кыргызстан радиосуна маек куруп жатып билдирди.
Анын айтымында, буга дүйнөдөгү чоң өлкөлөрдүн тиреши жана глобалдык тенденциялар түрткү болууда.
"Сингапур, Вьетнам, Иран, Түркия, Египет сыяктуу өлкөлөр уюмга байкоочу катары кирүүгө кызыкдар. Себеби алар глобалдык тенденция кайда бара жатканын аңдап, келечегин ойлонууда. Маселен учурда дүйнөдө Кытай — АКШ жана Россия — Батыш өлкөлөрү болуп, эки чоң тиреш жүрүп жатат. Ал экономикалык согуштан аскердик кагылышууга жакындап калды. Мындай жагдайда уюмдун келечеги Россия Украинадагы атайын операциясын канчалык ийгиликтүү жыйынтыктай аларынан жана анын экономикасы кандай болорунан көз каранды. Евразиялык экономикалык биримдик делгени менен анда Россия басымдуу ролду ээлейт. Учурда батыштын санкцияларына карабастан соңку үч айда рубль мурдагы калыбына кайтып келип, ал тургай 30 пайызга күчтөндү. Мындан тышкары, энергоресурстардын экспортунан Россия чет элдик валютаны топтоп, бирок санкциядан улам ага батыштан технология сатып алган жок. Натыйжада аталган өлкөнүн каржы системасы бекемделүүдө. Мындан тышкары, быйыл Россиянын бюджетинде 250 миллиард доллар менен профицит болору божомолдонууда. Демек, эгерде уюмга мүчө өлкөлөр, анын ичинде Кыргызстан туура саясат жүргүзсө ал каражаттын кайсы бир пайызы уюмдун экономикасына салынышы ыктымал", — деди Мамытов.
Экономист ЕАЭБге мүчө өлкөлөрдүн экономикалык туруктуулугу Россиянын санкцияларга канчалык туруштук бере аларынан көз каранды экенин кошумчалады.