Бишкекте Россия күнүнө карата концерт өтөт. Кирүү акысыз

Иш-чарага Кыргызстандын эмгек сиңирген артисттери катышат.
Sputnik
БИШКЕК, 3-июн. — Sputnik. 10-июнь күнү Кыргыз-Россия Славян университетинин чоң залында "Сувенир" орус ырлар ансамблинин концерти өтөт. Иш-чара Россия күнүнө арналган. Бул тууралуу Россиянын Бишкектеги илим жана маданият борбору (Русский дом) билдирди.
Жамаатты КРдин эмгек сиңирген артисти Владимир Тулин жана КР маданиятынын отличниги Людмила Чунтонова жетектейт. Ансамбль тандалган концерттик программалар менен жаңы эмгектерди тартуулайт.
Иш-чарага КРдин эмгек сиңирген артисттери Тилек Найманбаев, Токтогул Рысалиев, "Семетей" ансамблинин бий тобу, Талант Токомбаев, Розалия Аманбаева, Роман Масютенко, россиялык автор жана аткаруучу Елена Вяткина катышат.
Русский домдун маданий долбоорлорунун куратору Игорь Воронцов концертти алып барат.
Иш-чаранын уюштуруучулары: Бишкек мэриясынын Маданият, спорт, туризм жана жаштар иши боюнча департаменти, Кыргыз-Россия Славян университети, Россиянын Бишкектеги илим жана маданият борбору (Русский дом).
Концерт саат 15:00дө башталат. Кирүү акысыз.
Караколдо "Музыканын тилинде" деп аталган эл аралык долбоордун концерти болот