БИШКЕК, 3-июн. — Sputnik. Саламаттык сактоо министрлиги 3-июнь күнү кыргыз-тажик чек арасындагы атышуудан жабыркаган эки аскердин абалы боюнча маалымат берди.
Учурда эки жоокер тең Баткен облустук бириктирилген ооруканасында жатат.
21 жаштагы С.у.Б. аттуу жоокердин диагнозу: баш сөөгү жабыркап, мээси чайкалган, омурткасы сынган, бирок жүлүнү жабыркаган эмес, травматикалык шок алган. Абалы орто.
22 жаштагы Ж.З. аттуу жоокердин диагнозу: баш сөөгү жабыркаган, мээнин контузиясы, сол далысы, моюнунун сол тарабы майда сыныктардан жаракат алган, мойнуна сыныктар кирип кеткен. Травматикалык жана геморрагиялык шок. Абалы өтө оор. Бейтап жасалма дем алдыруучу аппаратка туташтырылган.
"Жабыркагандарга керектүү жардам көрсөтүлүүдө. Бишкек шаарынан дарыгерлердин бригадасы түзүлүп жатат. Алар Баткенге барып кесиптештерине практикалык жардам көрсөтөт", — деп айтылат маалыматта.
Чек ара аймагында атышуу түштө башталганы кабарланган. Маалыматка караганда, алгач Баткен облусуна караштуу Булак-Башы аймагында кыргызстандык чек арачылар тактала элек аймактан өтүп, Кыргызстанга мыйзамсыз кирип кеткен тажикстандык чек арачыларды көрүшкөн.
Талаптарга баш ийбеген тажик чек арачылары кыргыз аскерлерин көздөй ок чыгарган. Натыйжада эки өлкөнүн чек арачылары атыша кеткен. Тажик тарап миномёт колдонгон.
Буга чейин окуя болгон жерде эки тараптан тең жаракат алгандар бар экени айтылган.