Радио

Шайдуллаева: жашоодо эркекке айланып калган аялдар көбөйдү

Жазуучу, КРдин маданиятына эмгек сиңирген ишмер, "Алтын калем" адабий сыйлыгынын лауреаты Топчугүл Шайдуллаева кыргыз көркөм чыгармаларында аялдардын образы көмүскөдө калып кеткенин айтты.
Sputnik
Жазуучулуктун, адабияттын миссиясы окуялар аркылуу адамдарга сабак берүү, көзүн ачуу болуп эсептелет. Мен да чыгармаларымдагы каармандар аркылуу элдин оюн өзгөртүп, гумандуулукка, адилеттүүлүккө чакыргым келет. Мындай пикирин Топчугүл Шайдуллаева Sputnik Кыргызстан радиосунда маек куруп жатып билдирди.
Анын айтымында, "Балакана" китебиндеги аңгемелердин каармандарынын көбү чыныгы жашоодон алынган.
"Балакана" китебине менин акыркы жылдары жазган жаңы аңгемелерим кирди. Бул чыгармаларда коомду гуманизм, адилеттүүлүккө чакырган азыркы кыргыз аялдарынын бир катар күчтүү образдары чагылдырылган. Менден "башка маселелер деле арбын, эмне себептен аялдар тууралуу жаза бересиң" деп көп сурашат. Баарыбыз эле кыргыз адабиятын окуп жатабыз. Байкасак, биздин көркөм чыгармаларда аялдардын образы көмүскөдө калып келген. Бул аңгемелердеги каармандар Кыргызстандын булуң-бурчунда жашаган карапайым аялдардын прототиби. Бирок билинбегени менен өтө күчтүү, чоң иштерди жасаган, жашоосуна өнүгүү, өзгөрүү киргизип, керек учурда салт-санааны бузуп жиберген аялдар. Бул каармандардын көбү чыныгы жашоодон алынган. Азыркы заманда жашоо үчүн күрөшүп, үй-бүлөсүн багам деп өзүнүн физиологиялык абалына жараша иш кылбай эркекке айланып калган аялдар көбөйдү. Айрым эркек окурмандар "көрсө аялдар эркектерге таянып жашайт экен, байкалбаганы менен түйшүгү оор, биз жөлөк-таяк болушубуз керек экен" деген пикирлерин калтырууда. Бул чыгармаларды кыргызстандыктар окуп чыкса, менимче, аял кишиге жасалып жаткан мамиле оңолуп, зордук-зомбулук азаят. Шаарга келгениме 45 жыл болду, 17 жашымда айылдан кеткем. Ошентсе да мага айылдын турмушу жакыныраак. Коомго бир ой, идея айткым келгенде эле айыл турмушу элестейт. Себеби аң-сезим, ак-караны айырмалоо айылда калыптанган", — деди Шайдуллаева.
Жазуучу "Эки эшиктүү үй", "Парз", "Келин таш" чыгармаларынын негизинде сценарийлер жазылып, кино тартууга сунуш болуп жатканын жана жаш режиссёр Мээрим Догдурбекова "Азапка салган айыз" аңгемесинин негизинде "Биринчи жолу" кыска метраждуу тасмасын экрандаштырганын кошумчалады.