Ажыга барчулар COVID, сасык тумоо, менингитке каршы вакцина алууда. Сүрөт

COVID-19га каршы эмдөө алуу зыяратчыларга болгон негизги талаптардын бири.
Sputnik
БИШКЕК, 3-июн. — Sputnik. Сауд Арабияга ажылыкка бара турчулар эмдөөнүн түрлөрүнөн өтүп жатат. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлиги кабарлады.
1 / 3

Сауд Арабияга ажылыкка бара турчулар эмдөөнүн түрлөрүнөн өтүп жатат

2 / 3

Министрлик бул боюнча атайын буйрук чыгарылганын белгиледи

3 / 3

Зыяратчылар коронавирус инфекциясынан сырткары сасык тумоо жана менингитке каршы вакцина сайдырып жатышат

Министрлик бул боюнча атайын буйрук чыгарылганын белгиледи.
Зыяратчылар коронавирус инфекциясынан сырткары сасык тумоо жана менингитке каршы вакцина сайдырып жатышат.
Ажылыкка чыккандар үчүн виза алуудагы негизги талаптар:
жашы 65ке чейин;
COVID-19га каршы эмдөө алуу;
Өлкөдөн чыкканга чейин 72 сааттын ичинде COVID-19га тапшырган тесттин терс жыйынтыгы тууралуу сертификаттын болушу.
Сауд Арабия Падышалыгынын (САП) Ажылык жана умра министрлиги 2022-жылдагы ажылык сапар үчүн Кыргызстанга 2 766 орун бөлгөн.
Марипов Сауд Аравиядагы мекендештер менен дасторкон үстүндө баарлашты. Сүрөт