БИШКЕК, 3-июн. — Sputnik. Авдеев коксхимиялык заводу украиналык аскерлер үчүн экинчи "Азовсталь" болушу мүмкүн. Бул тууралуу РИА Новостиге ДЭРдеги ыктыярчылардын "Пятнашка" батальонунун командири Ахра Авидзба билдирген.
Анын видеосу агенттиктин Telegram-каналына жарыяланды.
Командир согушкерлердин заводдо коргонуу чептерин уюштурушу мүмкүндүгүн четке каккан жок.
"Биз гумандуу адамдар экенибизди көрсөтөбүз, бирок анчалык деңгээлде эмес. Бетон менен кошо куюп коёбуз. Күтүп отурбайбыз", — деген ал.
Ыктыярчылардын командиринин айтканына караганда, улутчулдарга өз ыктыяры менен багынууга убакыт, мүмкүнчүлүк беришет.
"Эгерде кетишпесе, ал жерде кала беришет", — деген Авидзба.
Авдеев коксхимиялык заводу Украина аскерлеринин көзөмөлүндө калган Донецкинин борбордук бөлүгүндөгү Авдеев шаарында жайгашкан. Анын жаны дээрлик сегиз жыл бою ДЭРдин Элдик милициясы менен украиналык топтордун чектешкен аймагы болуп келген.
Буга чейин Россия аскерлери менен ДЭРдин аскердик бөлүктөрү Мариуполду бошотууда украиналык жоокерлер менен "Азов"* батальонунун согушкерлерин "Азовсталь" комбинатында бир айга чукул камап, кармап турушкан.
20-майда Россиянын Коргоо министрлиги заводдун аймагын толук бошоткондугун кабарлаган. Баш-аягы 2,4 миңге чукул украин аскерлери менен согушкерлер колго түшүп, курал-жарактарын тапшырган.
* Бул уюмга карата Россияда кылмыш иштери козголгон.