Атаандашын караандаткан жок! Акжол Махмудов Алматыдагы турнирде алтын утту

Финалга чейин Махмудов түркиялык, грузиялык балбандар менен кармашкан.
Sputnik
БИШКЕК, 3-июн.— Sputnik. Кыргызстандык белгилүү балбан Акжол Махмудов Алматы шаарында өткөн Bolat Turlykhanov Cup аттуу эл аралык турнирде алтын тагынды.
Кыргызстандык спортчу финалда ирандык атаандашы Пежман Солтанморад Поштамды 9:0 эсебинде жеңген. Ага чейин ал түркиялык, грузиялык балбандар менен кармашкан. Махмудов килемде 82 килограмм салмактагылар арасында күрөштү.
Казакстандагы турнирде 15 мамлекеттин балбандары күч сынашууда. Алардын арасында Олимпиада оюндарынын жеңүүчүлөрү, дүйнө чемпиондору бар.
Азамат! Жоламан Шаршенбеков Азия чемпионатын утту