Дагы бир алтын! Алматыдагы турнирде Айпери атаандашын 17:6 эсебинде жеңди

Айпери Медет кызы килемде 76 килограмм салмактагылар арасында күрөшкөн.
Sputnik
БИШКЕК, 3-июн.— Sputnik. Кыргызстандык балбан Айпери Медет кызы Алматы шаарында өткөн Bolat Turlykhanov Cup аттуу эл аралык турнирде алтын тагынды.
Балбан финалда египеттик Самар Амер Абрахим Хамза менен кармашып, 17:6 эсебинде жеңди. Ага чейин Медет кызы индиялык балбан Пуя Пуя менен күрөшүп, аны 10:0 эсебинде уткан.
Айпери Медет кызы килемде 76 килограмм салмактагылар арасында күрөштү.
Казакстандагы турнирде 15 мамлекеттин балбандары күч сынашууда. Алардын арасында Олимпиада оюндарынын жеңүүчүлөрү, дүйнө чемпиондору бар.
Ушул эле турнирде Акжол Махмудов дагы алтын тагынды.
Жоламан Шаршенбеков менен Атабек Азисбеков Алматыдагы турнирде коло алды. Сүрөт