Жоламан Шаршенбеков менен Атабек Азисбеков Алматыдагы турнирде коло алды. Сүрөт

Эки балбан тең чейрек финалда жеңилип, кийин каршылаштары финалга чыкканда үчүнчү орун үчүн кармашууга мүмкүнчүлүк алган.
Sputnik
БИШКЕК, 2-июн. — Sputnik. Грек-рим күрөшүнүн балбандары Жоламан Шаршенбеков (63 кг) менен Атабек Азисбеков (87 кг) Казакстанда өтүп жаткан Bolat Turlykhanov Cup аттуу эл аралык турнирде коло байге алышты. Бул тууралуу Бириккен күрөш дүйнөсүнүн сайтында жазылды.
Мелдеш Алматы шаарында өтүп жатат.
Жоламан Шаршенбеков чейрек финалда түркиялык балбан Керем Кемалга 9:3 эсеби менен жеңилип калган. Ал спортчу кийинки атаандашын жеңгени үчүн Шаршенбеков коло мадаль үчүн күрөшүүгө мүмкүнчүлүк алган.
Натыйжада кыргызстандык спортчу казакстандык Майрамбек Айнагуловду уткан.
Ошондой эле Азисбеков баштапкы беттешинде Ирандан келген Али Абдолреза Шарифиге жеңилген. Үчүнчү орун үчүн кармашта казакстандык Азамат Кустубаевди 6:5 упай эсебинде жеңген.
Коңшу өлкөдөгү рейтинг топтоочу кармашка жалпы 11 балбан жөнөтүлгөн.
Айпери Медет кызы Алматыдагы турнирге барат. Каршылаштарынын тизмеси